Дүйнө жаңылыктары

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө image

22 Май, 2020 323

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Вашингтондо журналисттер менен жолукканда билдирди.

"Менин Россия менен мамилем жакшы, бирок Москва келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбай жатат. Биздин жаңы келишим түзүшүбүзгө мүмкүнчүлүктөр көп», — деди президент.

Ачык асман келишимине 1992-жылы мартта кол коюлган. Россия документти 2001-жылы ратификациялаган. Бүгүнкү күндө келишимге кол койгон өлкөлөрдүн саны 34тү түзөт. Макулдашууга ылайык, бул өлкөлөр аскердик ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн бири-биринин аймагы аркылуу учуп өтө алышат.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги азырынча АКШдан бул боюнча расмий билдирүү келбегенин билдирди. Мекеме Вашингтондун келишимден чыгышы Европадагы аскердик коопсуздук системасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Министрлик Москванын дарегине айтылган бардык дооматтар негизсиз экенин белгиледи.

АКШ ачык асман келишиминен чыгуу ыктымалдыгын караштырып жаткандыгы тууралуу алгачкы жолу былтыр октябрда билдирген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз