Коронавирус

Тажикстан Орусиянын атайын жайларындагы жарандарын алып кетет image

27 Май, 2020 1800

Тажикстан бийлиги ушул жумада Орусиянын убактылуу жайларында кармалып турган жарандарын алып келүүгө убада берди.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги кабарлагандай, биринчи кезекте мекенине үч айдан бери убактылуу борборлордо кармалган жарандар жеткирилет. Алардын баары – эпидемиядан улам үйлөрүнө кете албай калган эмгек мигранттары.

Көптөгөн мигранттар жумалап аэропорттордо жашаган. Батир үчүн акчасы жок борбор азиялыктарды орус бийлиги чет өлкөлүктөр кармалган атайын жайларга жөнөткөн.

Орусиядагы башка тажикстандык жарандарды алып келүү маселесин республикалык штаб чечет. Бул үчүн карантин жайларында орундар бошоого тийиш.

Соңку маалыматтарга караганда, Тажикстанда 3000ден ашуун киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды, 46 адам көз жумду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз