Дүйнө

Казакстанда дарыгерлер апрель айы үчүн кошумча төлөм ала элек image

29 Май, 2020 875

Казакстанда марттан бери коронавируска каршы күрөшүүгө түзмө-түз катышпаган медицина кызматкерлерине жарым миллиарддан ашык теңге бөлүнгөн. Дарыгерлер кошумча акы аз жана кечиктирилип берилип жатканын айтышууда.

Кошмча төлөм 1-марттан тартып, ай сайын иштеген сааттарына жараша берилүүдө. Акчанын көлөмү вирус жуктуруу кооптуулугуна жараша болот.

Нур-Султанда эмгектенген фельдшерлердин бири мартта 284 миң теңге (700 доллар) кошумча төлөм алганын айтты. Апрель үчүн акча бериле элек.

— Биз бардык чакырууларга барып, кишилерди ооруканаларга жеткиребиз. Жумушубуз кооптуу. Мартта акчаны араң алдык. Апрелде берише элек. Улам создуктуруп жатышат. Мына, май да бүтүп баратат, — деди фельдшер.

Казакстандын Медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат катчысы Ермек Болтаев медиктерге кошумча каражат төлөө үчүн болжол менен 84 млн доллар бөлүнгөнүн айтты. Анын билдиришинче, сыйакы ала тургандардын тизмесин аймактык комиссиялар аныктоодо.

— Фонд аймактык комиссиялар түзгөн тизмени кайра текшерип чыкканда апрель айы үчүн төлөнүп берилген 560 миллион теңге (1,3 млн доллар) боюнча бир катар кемчиликтер аныкталган. Алар коронавирус менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок кишилерди да тизмеге кошуп коюшкан. Маселен, кир жуугучтар жана башкы дарыгерлер бар экен.

Буга чейин Казакстанда жүздөгөн медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз