22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн жаштар курамасы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине карата Орусияда машыгуудан өтүп жатышат. Ага карата жергиликтүү "Сатурн" клубу менен 2-ирет жолдоштук беттешин өткөрүштү. Бул тууралуу “Биринчи радиого” футбол федерациясынын маалыматк атчысы Теңгелбес Мусаев кабарлады. Анын айтуусунда, 17-январда Кыргызстан менен Беларус курамасынын беттеши өтөт.