Ден соолук

Медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда image Фото: www

2 Июль, 2020 751

Медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу онлайн-брифингде Кубатбек Боронов маалымдады. 


«Медицина кызматкерлери өзүнүн ден соолугун тобокелдикке салып, башка адамдын саламаттыгын сактоо, аны калыбына келтирүү жана чыңдоонун үстүндө жан дили менен алектенүү – бул эң жогорку гумандуулук! Сиздерге башыбызды ийип таазим этебиз»,- деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов. 



Анын айтымында, азыркы учурда Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз