Кыргызстандагы коронавирус

COVID-19: Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди image

2 Июль, 2020 799

“Кечээ күнү Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Делегацияны Вячеслав Юрьевич Смоленский – Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары жетектейт.

Бул делегациянын келиши жакынкы арада Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп саналат”, - деп белгиледи КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, биз үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россия Федерациясынын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт. Мындан тышкары биздин эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз