Дүйнө жаңылыктары

Франкфурт аэропорту коронавирустук тест борборун ачты image Фото: www

2 Июль, 2020 318

Франкфурт аэропорту коронавирустук тест борборун ачты. Бул Германиядагы эң ири жана өтө маанилүү тестирлөө борбору болуп эсептелинет. Европа мамлекеттеринин ичинде жүк ташуу боюнча экинчи орунда, ал эми жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча үчүнчү орунда турган Франкфурт аэропортунда жыл сайын 50 миллиондон ашык жүргүнчү тейленет.

Эки-үч сааттын ичинде илдеттин бар же жогун аныктай турган ыкчам тесттердин баасы 139 евро турат. Ал эми 6 дан 12 сааттын ичинде жыйынтык көрсөткөн тесттер 59 евро. Алар учуп кетээрден бир күн мурда текшеринүүнү каалаган саякатчыларга сунушталат.

Аэропорт жетекчилиги билдирилгендей, колдонулган ПЦР-тест бардык эл аралык талаптарга жооп берет. Борбор күнүнө 5000 тестти иштеп чыгат.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз