Дүйнө жаңылыктары

Сербияда КОВИД-19 вирусу менен күрөшүү чаралары кайрадан күчөтүлдү image Фото: www

3 Июль, 2020 323

Өлкөдө пандемиянын биринчи толкуну уланууда. Анын жайылуусун алдын алуу максатында милдеттүү түрдө бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо керектиги билдирилди.

Сербияда COVID-19 вирусунун көбөйүшүнө байланыштуу Крагуевац жана Нови-Пазар шаарларында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ужице шаарында да ушул сыяктуу чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Белгилүү болгондой Сербия лидеринин чөйрөсүндөгү бир канча кызматкер COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Анын ичинде коргоо министри, соода палатасынын жетекчиси жана башкалар бар. Буга карабастан Сербиянын президенти Александр Вучич өзүн жакшы сезип, жумушун обочодо улантууда.

Сербияда 14 миңге жакын короновирус жуктурган учур катталып, анын 270и кайтыш болгон.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз