Дүйнө жаңылыктары

Орусияда коронавирустан 168 адам көз жумду image Фото: www

4 Июль, 2020 430

Өткөн суткада Орусияда коронавирустан 168 адам көз жумду. Бул туурасында Федерациянын ыкчам штабы билдирди. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү Санкт-Петербургда. Анда 31 адам каза болду, Москвада 25 адам коронавирустан улам көз жумду. 

Пандемия башталгандан бери Орусияда 10 027 адам кайтыш болду. Жалпы 674 515 адам инфекцияны жуктуруп алган, 446 миң 879 киши илдеттен айыкты. 280 415 адам медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз