Дүйнө жаңылыктары

Казакстанда карантиндик чектөөлөрдүн жаңы тартиби күчүнө кирет image Фото: www

4 Июль, 2020 452

5-июлдан тарта Казакстанда карантиндик чектөөлөрдүн жаңы тартиби күчүнө кирет. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, анда шаар ичиндеги жана шаар аралык автобустардын кыймылы токтойт. Ошол эле маалда жеке автоунаа менен жүрүүгө уруксат берилет. 

Спорттук иш-чараларды, көргөзмө, жарманке, форумдарды, конференцияларды, эскерүү иш-чараларын, банкеттерди, тойдун бардык түрүн жана куран окутууларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка оюн-зоок соода борборлорунун, соода үйлөрүнүн ишмердүүлүгү токтотулат. 

Сулуулук салондору, фитнес клубдары, компьютердик клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар иштебейт. Мамлекеттик органдарга, улуттук компанияларда социалдык аралыкты сактоо жана тынбай дезинфекциялоо иштерин күчөтүү менен иштөөгө уруксат берилет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз