Кыргызстандагы коронавирус

Казакстанда коронавирус жуктургандар 50 миңге жакындады image

7 Июль, 2020 337

Казакстанда бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган 1 109 жаңы учур катталып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 49 683кө жетти.

Өлкөдө коронавирустан 264 бейтап каза болуп, 16 183 киши айыкты.

Өткөн жумада Саламаттык сактоо министрлиги мындан ары илдеттен каза болгондор тууралуу маалыматтар топтолуп, жумасына бир гана жолу жарыялана турганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча 30-июндан 6-июлга чейин өлкө боюнча 76 киши көз жумган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз