Кыргызстандагы коронавирус

COVID-19: Сарсанаага батып кетсек, анда жан дүйнөбүз жабыркап калат - психолог image

7 Июль, 2020 888

Дүйнө элинин үрөйүн учурган Сovid-19 вирусу адамды физикалык жактан гана оорутпастан, жан дүйнөгө да терс таасирин тийгизе баштады. Анын кесепети, депрессияга түшкөн адамдардын арбышы, илдет ырбаган өлкөлөрдө ажырашуулардын көбөйгөнү да байкалууда. Пандемия кыргызстандыктарды да кыя өткөн жок. Күн санап бул илдетти жуктургандардын көбөйүүсү, интернет желесинде ооруп өлүм алдында жаткандардын видеосу көргөн адамдын көңүлүн чөктүрүп, кайсы бир деңгээлде жан дүйнөсүн жабыркатты.

Психолог Чолпон Авазбекова көңүл чөктүргөн видеолорду көрбөөгө, жалган маалыматтарды окуудан сак болууга чакырат.

Мына бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Үйдөбү, жумуштабы жарандар коронавирусту гана кеп кылып калышты. Бул учурда жаман маалыматтардан жарандар өздөрүн кантип сакташы керек?

- Жаралган суроолорубузга дарыгерлерден жооп алуу керек. Мындан тышкары, коронавирус тууралуу жазылган маалыматтарды расмий сайттардан окуп, бул вирус менен толук таанышып чыгуу кажет. Ошенткенде гана адамдагы коркунуч азайат. Анткени азыр вотсап, фейсбук жана башка интернет платформаларында коронавирус тууралуу бурмаланган маалыматтар жайылып кетти. Covid-19 тууралуу маалыматы жок адам ал видеолорду көргөндө үрөйү учат. Кайсынысы чын, кайсы маалымат жалган экенин аныктай алышыбыз үчүн адамда вирус тууралуу толук маалымат болушу абзел.

Жарандарга социалдык тармактарда азырак отурууну кеңеш берет элем. Жакшы нерселерге үмүттөнүш керек. Үй-бүлөң тууралуу жакшы нерселерди ойлон, балдарыңа көңүл бур, алар менен чогуу убакыт өткөр. Маанай көтөрө турган сайттарга кирип тур.

Ооруга чалдыккан жакындарына же жакынын жоготкон жарандарга психологиялык жактан кантип жардам берсе болот?

-Бул багытта иштеп жатабыз. Психологтордон куралган адистер жарандарга ыкчам байланыш аркылуу кеңеш берип жатат.

Жакынын жоготкон адамга чынында оор. Кыскача айтканда, үмүт менен жашаш керек. Жашоо ушуну менен токтоп калбайт. Улана берет, мен жаныңдамын, вирусту чогуу жеңебиз...деген сыяктуу дем күч берүүчү сөздөрдү айтып, кубаттоо зарыл. Кайгырган адамга кайгырган сезим менен чын жүрөктөн кеңеш берсең, соорото аласың.

Коронавирустан жабыркап ооруп жаткан адам өзүнө-өзү психологиялык жардам бере алабы?

-Ооруп жаткан адамды коркунуч басып, көңүлү чөгүп “эми эмне болот? Кандай болот? Жашоом бүттүбү? Жакын адамдарым эмне болот?” деген сыяктуу ойлор басат. Ушундай көңүл чөгүүлөрдү алдын-алуу үчүн күнүмдүк жашоо тууралуу ойлонуу кажет. Мисалы, бүгүн температурам канча болду? Жалпы абалым жакшыргансыдыбы? Дарыгердин айтканын так сактап жатамбы? Сабырдуулук керек. Сарсанаага батып кетсек, анда жан дүйнөбүз жабыркап калат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз