Коронавирус

Кошумча дарылоочу жайлар ачылууда image Фото: КТРК

10 Июль, 2020 1032

Ош шаарында коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундар уюштурулууда. Шаарда 600дөн ашык күндүзгү стационардык жай даярдалды. Жаңы ачылган күндүзгү стационарларга дарыгерлерди тартууга Ош шаарынын бийлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте дарыгерлерлик орундарга жарыя берген. Шаардагы 12 мобилдүү топко жардамчы иретинде 10 кишиден турган тажырыйбалуу дарыгерлер тобу да түзүлгөн. 

Алар өз үйлөрүндө жарандарга телефон аркылуу кеңеш берип жатышат. Мындан сырктары калаада колл-борборлор 24 саат бою түз байланышта иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө калаада жалпы 2миңдей жай даяр турат. Коронавирус жана пневмониядан сырткаркы ооруларды дарылоо үчүн Ош шаардык клиникалык ооруканасы толук кандуу иш алып барууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз