Коронавирус

Пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат image

16 Июль, 2020 2225

«Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук Клиникалык Колдонмосунун 3- версиясын бекитти. Аталган Улуттук Клиникалык Колдонмосу COVID -19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат», - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», - деп кошумчалады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз