Коронавирус

Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны күн сайын азаюуда image

20 Июль, 2020 1017

Бишкек шаарындагы стационарларга кайрылган бейтаптардын саны күн сайын азаюуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ага ылайык, өткөн апталарда шаардагы күндүзгү стационарларга күнүнө дээрлик беш миң адам кабыл алынып жатса, эми кайрылгандардын агымы басаңдады. 19-июлда 3 миң 489 жаран тамчылатма дары жана дарыгердин кеңешин алып, 16 бейтап ооруканага жаткырылган. 

Ал эми күндүзгү стационарларда жалпы 57 миң 725 адам медициналык жардам алды. Ал эми 20-июлга караган түнү шаардагы үч түнкү стационарларга 665 адам кайрылып, бир бейтап ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарлар беш күн ичинде 3 миң 74 шаар тургундарына жардам беришкен. 

Эске салсак, шаардагы 13 күндүзгү стационарлар эртең мененки 08:00дөн кечки 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл алат. Калган убакытта үч түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл алышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз