Коронавирус

Эки жаңы оорукана курулат - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

20 Июль, 2020 2176


Онлайн кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Учурда курч болуп турган дары-дармек маселеси негизги темалардан болду. Медикамент тартыштыгын чечүү максатында Өзбекстандан «гепарин» дарысынын бир партиясы келгенин жана Кытайдан да бир нече дары-дармектер келе турганын өкмөт башчы маалымдады.

Өткөн аптада президент медицина тармагынын алдыңкы адистери менен жолугуп, анда жогорку суроо талапка ээ болуп жаткан “Клексан” жана “Гепарин” өңдүү дары-дармектердин таблетка түрүндөгү алмаштыруучу дарылары бар экени айтылган. Президент дал ушул маселеге кайрылып, аталган эки дарыны алмаштыра турган дарылар атайын тизмеге киргизилгенине кызыкты.

Дары-дармек маселесин улай эле өлкө башчы стационарлар менен обсервациялык аймактардын медикамент жана медициналык каражаттар менен камсыз болушуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын тапшырды. Андан тышкары алыскы айылдарга дары дармек жеткирүүнү камсыздоо керек деди.

«Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациялык зонасында санитардык-карантиндик эрежелер сакталбай жатканы буга чейин социалдык медиада айтылып келе жаткан. Анда ооруп жатканы да, оорубаганы да аралашып, эпидемиялык кырдаалга терс таасирин тийгизген көрүнүштөр болуп жатканы көрсөтүлгөн. Бул маселеге бүгүн өлкө башчысы да кайрылды. Президент обсервациялык аймакта тартипти сактоого көңүл бурду. Кубатбек Боронов ал жактагы көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында обсервациялык зонанын жетекчиси алмаштырылганын билдирди.

Өткөн аптада президент Токмок шаарындагы бет кап чыгарган ишканага барган. Мурда текстиль менен иштеген фабрика пандемия учурунда жаңы шартка ыңгайлашып, медициналык өздүк коргонуу каражаттарын өндүрүүгө өткөн. Бирок уруксат кагаздарын, сертификат алууда мамлекеттик органдар тарабынан бюроктратиялык тоскоолдук болуп жатканын ишкер өлкө башчыга билдирген. Президент бүгүн бул маселени өкмөт башчыга табыштады. Ишкер чөйрөгө бут тозуу болбошу керек экенин эскертти.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө премьер- министр Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып жатканын маалымдады. Бишкек шаарында курулуучу бейтапкана үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан жер тилкеси бөлүнгөнүн билдирди. Президент мындай демилгени колдоого алып, Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесинин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Президент дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө элге толук кандуу маалыматты электрондук форматта берүү керек экенин айтты. Андан тышкары шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл бурду. Жогоруда тизмектелгендер менен катар күзгү-кышкы мезгилге үзгүлтүксүз даярдыктарды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.ЗКТ: Онлайн кеңешменин жүрүшүндө премьер- министр Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып жатканын маалымдады. Бишкек шаарында курулуучу бейтапкана үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан жер тилкеси бөлүнгөнүн билдирди. Президент мындай демилгени колдоого алып, Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесинин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Президент дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө элге толук кандуу маалыматты электрондук форматта берүү керек экенин айтты. Андан тышкары шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл бурду. Жогоруда тизмектелгендер менен катар күзгү-кышкы мезгилге үзгүлтүксүз даярдыктарды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.ЗКТ: Онлайн кеңешменин жүрүшүндө премьер- министр Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып жатканын маалымдады. Бишкек шаарында курулуучу бейтапкана үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан жер тилкеси бөлүнгөнүн билдирди. Президент мындай демилгени колдоого алып, Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесинин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Президент дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө элге толук кандуу маалыматты электрондук форматта берүү керек экенин айтты. Андан тышкары шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл бурду. Жогоруда тизмектелгендер менен катар күзгү-кышкы мезгилге үзгүлтүксүз даярдыктарды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.берүү керек экенин айтты. Андан тышкары шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл бурду. Жогоруда тизмектелгендер менен катар күзгү-кышкы мезгилге үзгүлтүксүз даярдыктарды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз