Коронавирус

Коронавирустан сакайгандар көбөйдү - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

20 Июль, 2020 2319


№1 шаардык клиникалык ооруканасында жарым айдан бери дарыланууда болггон 20дан ашык бейтап сакайып чыкты. Алардын көбү өпкөнүн кагынышынан жана коронавирустун жеңил түрүнө чадыккан. Бишкек шаарынын 68 жаштагы тургуну Жамиля Бургемикова да ооруну жеңди. Ал эки тараптуу пневмониядан жакшы болуп чыкты. Эми үй карантининде болуп, дарылануусун улантат.

Бир айдын ичинде бул ооруканадан 650 гө жакын бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушул тапта 224 бейтап дарылануусун улантып жатат. Алардын ичинен 24нүн абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө.

Дарыгерлердин байкоосунда акыркы күндөрү Бишкек шаарында тумоодон айыккандардын саны көбөйүүдө.

Ал эми кыргыз-түрк достук ооруканасынан төрт бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Ат-Башы районунун тургуну Кубанычбек Кадыров 23 күн дарыланып жатты. Адегенде оор абалда жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөнүн айткан Кадыров азыр өзүн жакшы сезип жатканын ырастады. Ал дагы эми үй карантининде болот. Бир жарым айдын ичинде кыргыз-түрк достук ооруканасынан 160га жакын бейтап сакайып чыкты.

“Семетей” госпиталынан да жакшы болуп, үйлөрүнө чыгып жаткан бейтаптар бар. Бул жолу тапшырган анализдери таза чыккан 15 бейтап сакайып чыкты. Ушул күнгө чейин ооруканадан 200дөн ашуун бейтап айыгып чыкты. Ооруну жеңгендер үйлөрүнө кайтып жатканына кубанычта экенин айтышат.

Соңку статистикага таянсак жугуштуу оорудан сакайып жаткандар көбөйдү. Эртең дагы анализдери таза чыкса үйлөрүнө чыгы тургандар кезекте турушат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз