Кырсык

Кадамжай районунда сел жүрдү - ВИДЕО image

26 Июль, 2020 2734

Кадамжай районунда жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Канатбек Мурзахалилов атту жаран фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мөндүр аралаш жамгыр жаап, жергиликтүү тургундардын үйлөрүн суу каптаган. Кызыл-Булак айылынын жолдорун сел бузуп кеткен.

Жамгырдан улам пайда болгон селдин кесепети канча зыян келтиргени азырынча белгисиз.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз