Дүйнө

Польша "Газпромго" 50 миллион евро айыппул салды image

4 Авг, 2020 862

Польшанын Атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы “Түндүк агым-2” долбоору боюнча маалымат берүүдөн баш тартканы үчүн “Газпромго” айыппул салды.

Айыппулдун көлөмү 213 миллион злотый же 50 миллион евро.

Маалыматка караганда, “Газпром” Nord Stream 2 туунду компаниясы менен газ куурунун курулушун каржылаган европалык компаниялардын ортосунда түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан. Польшанын монополияга каршы мекемеси алты европалык компанияны, анын ичинде “Газпромду” польша тараптын уруксатысыз консорциум түзүүгө айыптоодо. Буга чейин ушундай эле жүйө менен франциялык Engie компаниясы да айыппулга жыгылган.

"Газпром" Польшанын чечимине комментарий бере элек.

Формалдуу түрдө “Түндүк агым-2” долбоорун консорциум эмес, европалык компаниялардан насыя алган, толугу менен “Газпромдун” көзөмөлүндөгү компания куруп жатат. Бирок Варшава кеп баары бир монополияга каршы мыйзамдарды бузган консорциум жөнүндө болуп жатканын билдирүүдө.

Польша башка бир катар европалык өлкөлөр сыяктуу эле “Түндүк агым-2” долбооруна каршы. Алар муну менен Орусия Евробиримдикке жана Украинага саясий басым көрсөтүүгө аракет кылууда деп эсептешет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз