Кыргызстан жаңылыктары

Кычкылтек таркатуу системасы ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

4 Авг, 2020 718

Атайын жасалган бул чоң идиште 3600 литр суюк кычкылтек сакталат. Жабдык суюк кислородду газ абалына өткөрүп, медициналык корпустарга кычкылтекти жеткире турган борбордук газификатор. Орнотулганына аз гана убакыт болду. Кычкылтек даяр болуш үчүн -183 градуска чейин муздатуу керек. Бул толугу менен автоматташтырылган система. Артыкчылыгы абанын басымы менен кычкылтекти өзү газ абалына айландырып, корпустарга жөнөтө берет.

Кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан беш миллион сом бөлүнгөн. Станция облустук оорукананын беш бөлүмүнө суюк кычкылтекти жеткирип, 112 бейтапты тейлейт. Адистердин айтымында, мындай ыкма бейтаптарды дарылоодо жакшы көрсөчкүч бере баштады.

Суюк кычкылтекти жеткире турган борборлоштурулган система аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз кычкылтек менен камсыз болот. Анын запасы колдонгонго жараша бир же эки айга жетери болжолдонууда. Эгер түгөнсө орноткон компания кайрадан толтуруп берет.

Система электр энергиясынан көз каранды эмес. Буга чейин мындай ыкманы Россия, Казакстан өлкөлөрү колнонуп келишсе, Кыргызстанга жакында гана келди.

Алишер Аскарбеков Бексултан Мамбетов Ала-Тоо 24 Нарын облусу.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз