Кыргызстан жаңылыктары

6-августта Бишкектин айрым аймагында суу токтойт - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: www

5 Авг, 2020 359

"ВПУ" суу тосмосундагы аварияга байланыштуу 6-августта эрте мененки саат тогуздан кечки сегизге чейин Бишкектин кээ бир райондоруна ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык ичүүчү сууну токтотуу Садовая, Ч. Валиханов көчөлөрү, Чүй проспектиси жана темир жол линиясы чектешкен аймакты камтыйт. Ошондой эле бул аймакта жайгашкан кореялык “Учкун” борбору, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо бөлүмү, Мамлекеттик бажы кызматы, тамеки фабрикасы, “Бишкексүт” ишканасы, Ч.Валиханов көчөсүндөгү “Аламүдин” станциясы, “Аламүдүндөгү” өрт өчүрүү бөлүмү, “Яшар” тегирмени, “Бекнур” эмерек үйү сыяктуу ондогон ишканаларда суу болбойт. Кырдаалга байланыштуу бардык суроолор боюнча шаардыктар 1533 кыска номерине же 0554 182 185 вотсап номерине кайрылса болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз