Коронавирус

Жалал-Абад: түнкү стационарга 24 киши кайрылды image Фото: www

5 Авг, 2020 1121

5-августка караган түнү Жалал-Абад шаарындагы түнкү стационарга 24 киши кайрылды. 21 жаран тамчылатма дары сайдырган, үчөө кеңеш алган. Дарыгерлердин айтымында, кайрылгандардын саны азайган жок. Түнкү стационар иштеп баштаган күндөрү 16-17ден киши келсе, соңку күндөрү алардын саны көбөйүп, 35ке чейин жеткен. Түн бою стационарда 4 врач, 4 медайым эки нөөмөттө иштеп, жарандарга биринчи жардамды көрсөтүшүүдө. Жалал-Абад шаарындагы 20 орундуу түнкү стационар 29-июлда “Жалал-Абад биримдиги” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 274 кишиге жардам көрсөтүлгөн.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз