Кыргызстан жаңылыктары

Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү image

8 Авг, 2020 542

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында жараат алган жарандардан кабар алды.

Жаркынбек Максутов чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор деп белгилеп, аларга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан акчалай жардам көрсөттү.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда.

Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүрүүдө.

Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз