Коргонуу жана коопсуздук

АКШдагы террактты жасаган адам ДАЕШ менен байланышы болгон image

13 Июнь, 2016 512

АКШдагы террактты жасаган адам ДАЕШ менен байланышы болгон. 29 жаштагы Омар Матин кумсалардын түнкү клубуна кол салаар алдында полицияга телефон чалып, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарында экенин билдирген. Атышууда 50 адам набыт болду. Орланда шаарындагы атышуу АКШда 2001-жылы 11-сентябрда болгон террактан кийинки эле ири кан төгүү деп белгиленди.

Окуя болоор алдында түнкү клубга эс алуу үчүн 320дай адам келген. Имаратка кирип келген куралчан адам алгач бир нече ирет ок чыгарып, андан соң клубдагыларды сыртка чыгарбай эшикти камалап турган. Терракты жасаган 29 жаштагы түбү ооганстандык америка жараны Омар Матин күч кызматкерлери менен атышууда жок кылынды. Полиция маалымат каражаттарына буларды кабарлады.

"Клубдун айланасында мөөнөттө турган полиция  түнкү саат экилерде ок атуунун үнүн уккан. Шектүү бир учурда имараттын ичкери  жагына кирип кеткен. Ок чыгаруу уланып жатты. Таңкы саат бештерде  барымтадагыларды бошотуу чечими кабыл алынып, курал менен чара көрүүгө аргасыз  болдук”.

Кандуу окуяда 50 адам набыт болгону кабарланды. Курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн. Жаракат алган 53 кишинин көпчүлүгүнүн абалы оор бойдон калууда. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз