Кырсык

Жол кырсыгы катталып, автоунаа 50-60 метр бийиктиктен кулап кетти image

2 Сент, 2020 949

Таш-Көмүр шаарынын Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгинен болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала (аты жөнү такталууда) каза болуп, 5 эркек адам (аты жөндөрү такталууда) ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу, тез жардам кызматы, ИИМден 5 кызматкер тартылды.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз