Коом

1-июлдан тарта өлкө аймактарында патрулдук милиция ишке кирет image

15 Июнь, 2016 930

1-июлдан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында патрулдук милиция ишке кирет. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында билдирди. Аталган министрлик бул кызмат ишке киргенден бери жол кырсыгынын саны өткөн айга салыштырмалуу кыскарган айтууда. Ал эми “Кайгуул милициясы” башкы башкармалыгы Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында куралган Патрулдук милициянын 1-апрелден 31-майга чейин аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгы Чүй, Ысык-Көл облустарында жана борбор калаада куралган кайгуул милициясынын 1-апрелден 31-майга чейин аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул көрсөтүлгөн убакыт аралыгында кайгуул кызматы 6 миң 700 жолу “102” чалуусун кабыл алган. Алардын ичинен 543 кылмыштын артынан сая куушса, коомдук тартипти бузган 4 миң 800 кылмыш ишин жөнгө салган. Ал эми жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 56 миңден ашуун протокол түзүлгөн. Жол кайгуул кызматынан маалымдашкандай жол кырсыгынын саны өткөн айга салыштырмалуу кыскарган. Бул эки айдын ичинде 601 жол кырсыгы катталып, 76 жаран жол кырсыгынан каза болгон.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз