Билим

“Жаңы китеп” мекемеси 12 миңден ашуун окуу китебин басып чыгарды image

8 Сент, 2020 359

Жыл башынан бери Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемеси мектеп китептерин басып чыгарууга каражат тартуу боюнча иш алып барууда.

Азыркы күнгө келип, Катардын кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн “Көркөм өнөр”, “Технология” дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилде 12 380 даана китеп басып чыгарылды.

Бишкек шаарына 2335 китеп берилди. Анын 1300ү кыргыз тилиндеги, 1235и орус тилиндеги окуу куралдары.

Чүй облусуна 8800 даана китеп бөлүндү (3 715 экземпляр - кыргыз тилинде жана 5 085 – орус тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү. 

“Берилген окуу китептер жакынкы 5 жылга  ижарага берилет, ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып  чыгарылат. Бир жылдын ичинде биз ар кандай уюмдар, эл аралык фонддор жана жеке  компаниялар менен жаңы окуу китептерин басып чыгарууну каржылоо маселеси боюнча  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик, бирок, тилекке каршы пандемия өзгөрүүлөрдү  киргизди. Кызматташууга кызыкдар болгон көптөгөн уюмдар долбоорлорду ишке  ашырууну убактылуу токтотушту. Бирок биз бул багытта иш алып барууну улантып  жатабыз жана билим берүү секторун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон адамдарды биздин  долбоорлорду ишке ашырууга кошулуп, колдоо көрсөтүүгө чакырабыз”, - деди “Жаңы китеп” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматов.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз