Дин

Конфессионалдык кеңеш түзүү боюнча макулдашуу протоколго кол коюлду image

16 Июнь, 2016 1516

Бүгүн Бишкекте өлкөнүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы мамлекеттик конфессионалдык кеңеш түзүү боюнча макулдашуу протоколго кол коюлду. Кеңештин негизги максаты жарандардын конституциялык дин тутуу эркиндиги, укугун ишке ашырууда, мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясатын ишке ашырууда бийлик органдарынын аракеттерин көзөмөлгө алат. Бул өз кезегинде дүйнөгө кулачын кеңири жайып баратканын экстремизмдин алдын алууга да өбөлгө болору белгиленет.

Макулдашуу келишимине кол коюга Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы, Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстандык Епархы, Еврей диний жамааты жана Чамсен диний буддистик жамаатынын өкүлдөрү катышты.Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев светтик мамлекеттерде мындай кеңештердин түзүлүшү керектигин айтат. Анткени диний талаш-тартыштарды жөнгө салууда мамлекеттик-конфессионалдык кеңештин болушу талапка ылайыктуу. Мамлекет өзүнүн карамагындагы кандай гана уюм болбосун анын ишин мыйзамдын чегинде жүргүзүлүшүн көзөмөлгө ала алат. Аталган кеңеш бул үчүн аянтча болуп берет дейт Орозбек Молдалиев.

Диндердин карама-каршылыгы экстремизмдин күчөп кетишине да тасир тийгизери анык. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өткөн эл аралык конференциянын катышуучуларына кайрылуу жолдоп, Кыргызстан диний лидерлер менен кызматташуу жагынан үлгү боло алат деп белгиледи. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев террордук жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөрдү күч менен гана чечүү мүмкүн эмес экенин, биринчи кезекте диний жактан туура билим берүү аракети көрүлүп жатканын, ошону менен катар улуттук каада-салт менен маданиятты колдоо керек экенин белгилейт.

Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстандык Епархы Владыко  Даниилдин белгилешинче, Кыргызстанда көп диндин өкүлдөрү жашарын, диндик кызыкчылыктардан улам маселе жаралат. Бул Кеңеш мындай көйгөйдү чечүүдө зор рол ойнорун белгилейт. Еврей диний жамаатынын өкүлү Арье Райхман бардык эле диндин өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы Кыргызстандагы элдердин тынчтыгы жана мамилекеттин өнүгүүсү болуп саналарын белгилейт.

Ал ошондой эле, дүйнөдөгү кырдаалды эске алып өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин диний кырдаалды жөнгө салуу маселесин өз убагында колго алганы туура чечим болгонун айтат. Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы мамлекеттик конфессионалдык кеңеши.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз