Кырсык

Кендеги кырсык бир адамдын өмүрүн алды - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

20 Сент, 2020 980

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казылып жаткан аймакта таш кулап бир адам мерт кетти, дагы бири жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Кырсык бейшемби күнү кен казган «Кичи-Чаарат» компаниясынын шторнигинин биринде таш кулап, Ысык-Көл облусунун тургуну каза болгон. Ал эми жаракат алган Токтогул районунун тургуну ооруканага жеткирилген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз