Коронавирус

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 568 адамдан табылып, 2 адам каза болду image Фото: www

27 Окт, 2020 339

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 568 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, инфекцияны Бишкекте - 159, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 56, Ош облусунда - 17, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 120, Баткен облусунда - 129 адам жуктуруп алган. 

Ал эми акыркы бир күндө 380 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 67, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 34, Ош облусунда - 86, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 41 киши айыкты. Илдеттен жалпы 48 миң 223 адам айыкса, 56 миң 738 киши ооруга кабылган. Коронавирустан 1 миң 136 жаран көз жумган. 

Бир күндө 2 өлүм катталды. Алар Бишкек шаарынан. Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 398 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 454 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 597 учур катталды, алардын ичинен 3 290 медкызматкер айыгып чыкты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз