Кылмыш

Токтогул районунда 295 грамм баңгизат менен 32 жаштагы жаран кармалды image Фото: www

3 Нояб, 2020 461

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 295 грамм баңгизат менен 32 жаштагы жаран кармалды. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген жактарды аныктоо жана анын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга атайын операция жүргүзүлгөн. 

Натыйжада Токтогул районунан 295 грамм кара куурай баңгизатын болжол менен 50 миң сомго сатып жаткан жеринен 32 жаштагы жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз