Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Көз жумгандардын экөө Бишкекте, Талас жана Чүй облусунда бирден киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коронавирус 124 адамдан, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 176, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абадда – 67, Баткен облусунда 21 кишиден табылды.
Ошол эле учурда 433 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 948 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 829 бейтап дарыланууда. Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 7 медкызматкер айыгып чыкты. "Пандемия башталгандан бери 3 миң 831 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 552 медкызматкер оорудан сакайды”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 70 миң 366 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 593 киши айыгып чыкса, 1 миң 241 адам каза болду.