Илим жана билим

Абдылдажан Акматалиевдин 60 жаш кутман курагы белгиленүүдө image

15 Янв, 2016 2028

Академик  Абдылдажан Акматалиевдин 60 жаш кутман курагы белгиленүүдө. Өмүрүн  адабиятка, илимге арнаган илимпоз Президент  Алмазбек Атамбаев, Премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин  депутаттарынан куттукталды.  Ошондой  профессорду чет элдик кесиптештери дагы   куттуктоого келишкен. 

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,  филология илимдеринин доктору,  профессор  Абдылдажан Акматалиевди 60 жаш кутман курагы менен куттуктагандар арбын.  Мамлекет башчысынан тарта чет элдик кесиптештери дагы куттуктоого келген. Өкмөт  башчысынын атынын Вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева куттуктоо сөзүн  узатты.

Кыскача өмүр таржымалына токтолсок Абдылдажан  Акматалиев 1956-жылы 15-январда Нарын шаарында туулган. 1972-жылы Фрунзе шаарынын №5 орто мектебин аяктап, кийин 1977-жылы  Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 37 жылдан бери Улуттук илимдер академиясында эмгектенип келет. Ал өзүнүн илим жолунда Айтматов жана Манас таанууга, кыргыз фольклористикасын иликтөөгө басым жасаган. Казахстандан келген  Сулемен Денире атындагы университетин профессор  Дандай Исхак уулунун айтымында эки элдин  ортосунда   адабий жана маданий алакасын бекемдөөдө орду зор. 

Ошондой эле  иш-чарада Жогорку кеңештин атынан Социалдык маселелер, билим берүү,  илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык  Шер-Нияз куттуктоо сөзүн узатты.

Абдылдажан  Акматалиев устат катары  9 илимдин докторун, 49 илимдин кандидатын даярдаган. Ал 37 монография, китептердин, 600дөн ашуун макала-маектердин автору. Эмгектери түрк, орус, англис, немец, француз, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн. Учурда   Абдылдажан Акматалиев Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аркалап келүүдө. Адабиятчы, жазуучу  Советбек Байгазиев анын кыргыз илимине, маданиятына   кошкон салымына  токтолот.

Илимпоз эмгеги бааланып көптөгөн эл аралык жана мамлекеттик  сыйлыктарга татыктуу болгон. Алсак   Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты. Кыргызстандын жана чет элдик  Жогорку окуу жайлардын  ардактуу профессору.  3-даражадагы "Манас" орденинин жана  Даңк медалынын ээси.  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз