Кырсык

Токтогул ГЭСиндеги жарактан чыккан эки агрегаттын бири калыбына келтирилди image

15 Янв, 2016 2794

Учурда  ГЭСтеги 1,2- жана 4-агрегаттар толук иштеп жатат, ал эми 3-агрегат жакынкы күндөру оңдолуп бүткөрүлөт. Энергетиктер, азыркы иштеп жаткан режим  күз-кыш мезгилине  жетет жана электр энергиясына чектөөлөр киргизилбейт деп убада берүүдө.   

Учурда  ГЭСтеги  4  агрегаттын  үчөө иштеп жатат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу  300мегаватты  түзөт.  «Электр станциялар» ишканасынын  маалымат-катчысы Тогжана Айдаралиеванын  «Биринчи радиого» билдиришинче,  азыркы тапта  28-декабрда жарактан чыккан дагы бир агрегат оңдолуп, жакынкы күндөрү ишке киргизилген турат.

- 14-январь күнү  саат бештен 20 мүнөт өткөндө Токтоглу ГЭСиндеги  Т-2 трансформатору  ремонттолуп  ишке киргизилди. Азыркы учурда  1 гана гидроагрегатта  ремонт жүрүп жатат.  Иштеп жаткан 3 агрегат калктын кыш  мезгилиндеги пайдалануусун  камсыздаганга  күчү жетет.  Зарыл болгон учурда  Казакстандын Экибастуз ГРЭСинен  100 миллион киловатт саатка чеийн  электр энергиясын  импорттоо боюнча келишимибиз бар. 

Өткөн суткада  республикада  52млн 94 миң килоВатт  электр энергиясын  колдонду. Электр энергиясын сырттан сатып алуу  болгон жок. Ал эми Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10млрд 736млн кубометр суу бар. Бул  былтыркы жыл менен салыштырганда 2 млрд  кубометрге  көп. Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСиндеги биринчи авария буга чейин 23-декабрда болгон. Токтогул суу-электр станциясында трансформатор жарылган. Экинчи жолку  авария  28-декабрь күнү катталган.  Мындан кийин  2-январь күнү ГЭСтин иши менен  жеринде таанышкан   Өкмөт башчы  Темир Сариев  иштен чыккан жабдыктарды алмаштырууну  тез  арада бүткөрүү тапшырмасын берген .

Жабдыкты  калыбына келтирүүнү  15-январга чейин бүткөрүү боюнча тапшырма алган  адистер  кезектешип  24 саат иш  алып барышты. Ошентип эки агрегаттын бири ишке киргизилди, эми аз күндүн ичинде  экинчиси да оңдолуп бүтөөрү белгиленди.  Азыркы  учурда Токтогул ГЭСи 790 мегаватт кубаттуулук менен иштеп жаткандыгы тууралуу  өкмөттө  өткөн   кеңешмеде премьер-министрдин энергетикалык маселелер боюнча кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтуусунда, калкты  электр   энергия менен камсыздоодо чектөөлөр болбойт. 

Премьер-министр кыска мөөнөт аралыгында ГЭСтин техникалык абалын иликтөөдөн өткөрүүнү жыйынтыктоо жана жаңы генерациялык кубаттуулукту киргизүү,  энергетикалык жабдууларды реконструкциялоо боюнча иш-чаралардын  планын сунуштоону тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Токтогул каскады кубаттуулугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. Анын аянты 284 чарчы  километр, узундугу 65 чакырымга барабар. Токтогул электр станциясы 1200 мегаватт  электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү. Мында өндүрүлгөн электр энергия өлкөнүн 70% камсыздайт.

Г.Усенова

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз