Кырсык

Ысык-Атада сарайдан чыккан өрттөн жаш келин үч баласы менен каза болду image Фото: www

14 Дек, 2020 1372

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда  төрт адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, кечээ, 13-декабрда саат 14: 36да Новопокровка айылынын түштүк тарабында жайгашкан сарайдан өрт чыккан. Жалпы күйүү аянты болжол менен 320 м2 түзгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам - 1995-жылы туулган аял, 2016-жылы туулган кыз жана 2014 жана 2017-жылы туулган эки бала каза болушкан.

Өрттү өчүрүү үчүн Ысык-Ата райондук өрт өчүрүү тобу жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүүчү бөлүгүнөн бир атайын өрт өчүрүүчү унаа барган. Өрт саат 20:47де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз