Дин

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны кескин азайды image

15 Янв, 2016 597

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы өткөн жыл ичинде аткарган иштери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берди. Аталган башкармалыктын начальниги Сталбек Рахмановдун айтымында, башкармалыкта ички  түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп, бири-бирин кайталаган бөлүмдөр кыскарган. Теологиялык камсыздоо жана маалыматтык колдоо деген бөлүм ачылып, учурда иш жаңы ыкмада жүрүп жатат.  

Акыркы жарым жылдын аралыгында Сирияга жана башка согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктардын саны кескин азайды. Буга өлкөнүн күч органдары менен коомчулуктун тыгыз алакада жүргүзгөн алдын алуу аракеттери себеп болду.

Учурда Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алар 2010-2013-жылдар аралыгында кетишкен.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз