Коронавирус

Кыргызстанда бир суткада 90 адамдан коронавирус аныкталды, 3 бейтап каза болду image Фото: www

19 Янв, 2021 1985

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус дагы 90 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдиргендей, каза болгондордун экөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болгон. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери маалымдагандай, бир сутка ичинде 145 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 742 бейтап, амбулатордук түрдө 958 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 61 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 268 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 249 киши айыгып чыкса, 1 миң 390 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз