Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарын чет өлкөдөн каржылоону чектөөгө багытталган мыйзам долбоору Парламентте 1-окууда жактырылган. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга ММКларды түзүүгө жана ээлик кылууга тыюу салынат. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын чет өлкөдөн каржылоого бөгөт коет.
Бул күндөрү да аталган мыйзам долбоору коомдун талкуусунда, келерки сессияда 2-3-окууда депутаттардын элегинен өтмөкчү.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118