ММК

Азимбек Бекназаровдун кадыр-баркы "кайтыш" болду image

22 Июль, 2016 2956

Басма сөзгө баяндама

“Фабула” 

Ажолукту эңсегендердин аламаны башталды деген теманы коюп бүгүн “Фабула” жаңы санын ачты.  Бул тема кийинки бетте орун алып, чабал өрдөк эрте учат деп, алгач эле “бульдозер” деген каймана аты бар Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышарын жар салган. Бирок өтпөсүнө көзү жеттиби, же кадыры “кайтыш болгонун” сезип калдыбы, айтор “эгер өтпөй калсам, пианино үйрөнөм” деп айтканы бар. Кечээ жакында Бабанов “эгерде партиялаштарым колдосо президенттикке барам, колдобосо барбайм” таризинде оюн билдирген. Партиянын лидери Бабановдун “бабановчулардан” шайлоого барсам болобу деп сурап жатканын элестеткиле. Бул акылга сыйбаган көрүнүш деп эстетип, кийинкилерден болуп буга чейин шайлоодо Салымбеков менен бириге калып, 7 пайыздык барьерди аша албай ала салып кеткен Мадумаров ажолукка ат салыша турганын айтты деп жазылат. Темага үндөш макала Ашмалтайлар деген аталышта  гезиттин биринчи бетинде орун алган.

 

Анда президенттик шайлоого карата саясий күчтөрдүн тынчы кете баштаганы, аркы өйүз, берки өйүз болуп бириге баштаганы  ага жакында эле парламенттик шайлоону колдогон “Ар Намыс” партиясынын лидери Кулов, президенттик башкарууну эңсеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров жана кайсы багытты карманаарын билбеген “Аалам” партиясынын жетекчиси Арслан Малиевдин саясий көз караштары дал келбесе  дагы эки бакыр, бир түкүр болуп коалициясы түзгөнүн маалымат жыйында айтышып, бирок шайлоо таза болуш үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деген бул коалициянын билдирүүсү да түшүнүксүз, ар бири өз кызыкчылыгында өзгөртө берсе, мыйзамдардын да ашмалтайы чыгат деп белгиленет. 

“Фабула” пресстин кыска жаңылыктарында “Эми өкмөт башчысына өйдө карай алышпайт” деген аталышта “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга президент кол койгонун, ага ылайык эми премьер-министрдин сунушу менен президент министрлерди кызматынан кетирээри ошондой эле жаңы мыйзам боюнча өкмөт коллегиясында  бир чечим кабыл алынгандан кийин министрлердин ага каршы  чыгып же аткарбай коюсуна тыюу салынары эскертилет. Буга чейин министрлер парламенттеги фракциясына ишенип преьмер-минситрди укпай жүрүшсө,эми кыңк эте алышпасын “Фабула” жар салат.

Колчатыр астындагы кол баатыр же интернетте жайылып кетип талкууга түшкөн Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманов өз каалоосу менен иштен кеткени мындай кызматтан жөн эле кетпей турганын эске алганда анын кол чатыр астындагы кол баатырдык жоругунун кесепети тийгенин анын ордуна 62 жаштагы Кубанычбек Бейшекеев дайындалганы кабарланат. Кыска жаңылыктардын арасында Өзбекстан Тажикстандын “Рогун” ГЭСин курушуна каршы болуп жатканын жазган кыска маалымат, Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш Жийде-Бел участкасына жергиликтүү тургун ижарага бак тигип,  бассейн куруп, кургак талааны эс алуу жайына айландырганы туурасында маалымат да кирген. Көлөмдүү макала Мариям Муса кызы деген аянчынын жазган “Айкөл Манас” китебинин  Жумгал райондук соту тарбынан тыюу салынышы туурасында жазылган “Адабий экстремизмге жол жок” деген аталышта басылды.  Мына ушул темага же соттон утулган жайсаңчылар туурасында ар кыл кесиптин ээлеринен, тарыхчылардан, серепчилерден чогулткан пикирлер да бар, таанышып алсаңыз болот.

Тил саясатына үн кошкон Сагынбеков аттуу автордон “Кыргыз элинин өзүнүнү тили барбы”?- деген макала да орун алды. Ушул эле жерде Кылым карыткан кыргыз кереметтери кол өнөрчүлөрдүн облустук фестивалынан сөз “Улут баскан улуу жол этно фестивалы тартуулаган маанай” деген аталыштагы макалада жазылат.

“Кыргыз Туусу”

Бүгүнкү “Кыргыз Туусу” “Укук коргоо органдарын реформалоо учурунда кызматкерлер кыскартылбайт” деген башкы теманы койду. Бул аталыш КРнын Коргоо Кеңешинде  укук коргоо органдарын реформалоодо комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдаган Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадаровдун берген маалымат жыйынынан даярдалган. Кийинки бетте президенттин иш күндөлүгүнөн жазылды. Алмазбек Атамбаевдин БШКнын жаңы төрайымын кабыл алган  учурда айтылган сөзүнөн “Шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билишсин” деген аталышта орун алган маалымат. Маалыматта мындай пикирин билдирген президент Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоодо буга чейин жасалган иштерди мындан ары да бекемдөө керектигин алдыда боло турган шайлоолор  биздин өлкөбүздө шайлоолор ачык жана адилеттүү өтөөрүн дагы бир жолу ырастоого тийиш экендигин эскерткени  жазылат. “Кыргыз Туусунун” пресс бурчу “Илимдин 840 доктору азбы же көппү” деп Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдрахман Мавляновдун өкмөт башчынын кабылдамасында берген  статистикасын  жазды. Андан ары “Шашылгыла, “Кыргызалтын”мекемеси 15 млн сомго тендер жарыялады” деп жар салынат. Эрлан мырза 50дө дегенди, Балыкчы- Корумду жолуна 297 млн сом бөлүнгөнү, Жыламыш эми Жангарач айылы деп аталаары, Кыргызстан өткөн жылы 10 млрддан ашык сомго дары-дармек сатып алганы, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 15 млрддан ашканы туурасында жазылган кабарлар орун алган. “Эл тарап жеңишке ээ болду” деген Түркиядагы кагылыш туурасында да макала бар.

 

Акыркы 25 жылда Кыргызстанда 27 миңден ашуун мыйзам жана аларды жөнгө салуучу 30 миңден ашуун мыйзам актылары, токтомдор, жоболор кабыл алыныптыр. “Укуктук өлкө курабыз деп алдыбызга улуу максат койгон соң, мыйзамдар керек, бирок депутаттарыбыз кабыл алган мыйзамдар тирүү түшпөй,  өлүү түшүп, кабыл алынды аты эле болбосо иштебей келет” деп бул багытта Болотбек Таштаналиевден жазылган көлөмдүү макала Мыйзамдар... Жоголгон паспорт менен уурдалган миллиондор.. “Ээлери” билбеген оффшордогу фирмалар деген аталышта орун алды.  Эл достугу байлык аттуу рубрика Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти экс-министр Равшан Сабировдун Эмомали Рахмон менен жеке тааныштыгым бар деген аталыштагы маегин койду. Көз жүгүртүп алыңыз.

“Эркин Тоо”  

Экинчи расмий гезит “Эркин Тоо” бюджеттик каражаттардын эсеби так болуш керек деп тапшырманы каржы министрине койгон президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен жаңы саны жарык көргөн. Өкмөттүн жаңылыктары менен кеңири кабардар болосуз. Ал быйыл суу жакшы, бирок энергияга сарамжал бололу деген аталышта, турак жай шарттарын жеңилдетүү чаралары көрүлүүдө деген жана эки фитосанитардык лаборатория жакынкы айларда ишке киришет деген аталышта орун алган. Бул сандан акындын ажарын ачкан белгилүү инсандардын жылуу пикирлери менен жарык көргөн 18 жаштын автору 81ге кадам  таштады деген ат менен кыргыз журтчулугуна кеңири таанымал болгон убагында белгилүү ырчыбыз Зейнеп Шакееванын аткаруусунда эсте калган 18 жаш ырдын автору Кемел Бакашов туурасында жазылган макала бар. Сөзсүз карап коюңуз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз