Аналитика

Иран АКШнын жаңы санкцияларын айыптады image

19 Янв, 2016 29563

Тегеран эл аралык коомчулуктун өзүнө койгон талаптарын аткарганына карабай Вашингтон тараптан жасалган кадамга нааразы. "Көптөгөн жылдарга созулган санкциялардын жаңы гана жоюлушуна кубанып турган Иранга кайрадан тоскоолдук жаралдыбы"?- деген маселе бүгүн талдоочулардын көңүл борборунда.

Ирандын айланасындагы окуялар бүгүн дүйнө жаңылыктарынын сап башында. Ал саясий да, экономикалык өңүттө да өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Мунай экспортунда олуттуу орду бар өлкөгө карата тоскоолдуктардын жоюлушу анын өз чөлкөмүндөгү атаандаштарын тынчсыздандырууда. Иран бийлиги батыш мамлекеттери менен жетишилген мунасаны өз өлкөсүндөгү “тарыхтын жаңы барагы” деп жарыялагандан көп узабай АКШ ага карата жаңы санкцияларды киргизди.

Дипломатиядагы ар кандай келишпестиктер 70-жылдардан бери Иранга карата түрдүү чаралардын көрүлүшүнө себеп болгон. Ал эми атомдук энергетикадагы маселелерден улам бул өлкө 2006-жылдан тартып  жапа чегүүдө. Тегеран уран өндүрүшүн ядролук куралдануу максатында жасабаганын айтып келсе, АКШ баштаган бир катар мамлекеттер буга ишенгиси келбейт. 3 жыл мурун бийликке келген президент Хасан Роуханинин батыш менен тил табышууга жасаган аракети оңунан чыгып отурат. Былтыр өзөктүк программага байланыштуу кеңири сүйлөшүүлөр башталган. Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттик Тегеран бардык талаптарды аткарып, уран өндүрүшүн кыскартканын жарыялады. Ага ылайык Евро биримдик киргизген чектөөлөрдү  толугу менен, ал эми АКШ жарым жартылай жойду. Парламентте сүйлөп жатып, Роухани санкциялардын алынышын өз өлкөсүнүн тарыхындагы “алтын барак” деп сыпаттады.

-Бул чындап эле биздин өлкөнүн тарыхындагы алтын барактардын бири.  Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дүйнөлүк державаларды биздин ядролук өндүрүшкө болгон  укугубузду таанууга мажбурладык. Келишимге мусулмандардын ортосуна от жаккан  сионисттер менен АКШдагы айрым радикалдардан башка бардык тараптар ыраазы.

Хасан Роухани мусулмандардын ортосундагы "от жаккан" тараптарды бекеринен баса белгилеп айткан жок. Жакынкы Чыгыштагы негизги атаандашы болгон Сауд Аравия Ирандан тоскоолдуктардын алынып жатышынан чоочулайт. Тегеран буга чейин эле ар күн сайын 500 миң баррель мунайды сата алса, эми ал эки эсеге көбөйөт деген божомолдор айтылууда. Бул күйүүчү майдын дүйнөлүк баасына таасир этип, мунайдын баррели 28 долларга түштү. Мындан улам Тегеранда жалгыз Сауд Аравия гана эмес, перс булуңундагы баардык араб өлкөлөрүнө башка күчтөр таасир берип, антирандык маанайды мурдагыдан да жогорулатпайбы деген кооптонуу бар. Дал ушул маселеде акыркы учурларда көп талкууланып жаткан суннит, шиит ажырымы экономикалык, саясий кызыкчылыктардан чыккан талаштын динге жамынган шылтоосуна окшошуп турат. “Сереп” изилдөө институтунун өкүлү, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү боюнча адис Искендер Ормон уулу ислам дүйнөсүндө боло жүргөн бул ажырым Ирандан санкциялар алынат деген учурдан тартып күчөгөнүн белгилейт. Экономикалык, саясий атаандаштык Сириядагы абалга да өз таасирин тийгизүүдө.

Санкциялар алынаардын алдында ирандыктардын арасында өлкөгө карата тоскоолдуктар толук жоюлаарынан күмөн санагандар да болгон. Тегеран университетинин профессору, саясат талдоочу Сеид Маранди мындай дейт:

-Өзөктүк программа боюнча Иран менен алтылык  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда эле өлкөнүн жогорку жетекчилиги АКШ жаңы  шылтоолорду издейт деп шекшип жаткан. Менимче АКШ чоң ката кетирет. Тегеран  Вашингтонго саясатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Кошмо штаттарынын  бийлиги Иран өзүнө баш ийгиче биздин карапайым элди кыйнай берет.

Бул Ирандан санкциялар алынаарына саналуу күндөр калганда айтылган пикир. Тегеран тарыхтын “алтын барагын” ачтык дегени менен АКШ мурдагы чектөөлөрдү жарым жартылай жоюп, бирок жаңы санкцияларды киргизди. Ага ылайык Бириккен Араб Эмиратындагы ирандык компаниялар тоскоолдуктарга учурайт. Вашингтон муну октябрь айындагы баллистикалык ракетанын сыноодон өткөрүлүшүнө байланыштырды. Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама өзөктүк программадагы табылган мунасаны  тарыхый деп атап, бирок, Тегерандын башка аракеттерине карата санкциялар жоюлбастыгын белгиледи.

-Иран боюнча келишим америкалык дипломатиянын  жетишкендиги. Бул тарыхый прогресс. Биз Жакынкы Чыгыштагы дагы бир согуштун  алдын алдык. Бирок, бул келишим биздин өлкөлөрдүн ортосундагы баардык  көйгөйлөрдү жое албайт. Адам укуктарынын бузулушуна, террорчуларды каржылоого  жана Ирандын ракеталык программасына каршы санкцияларды АКШ мындан ары да  колдой берет.

Ал эми Иран октябрь айында сыноодон өткөрүлгөн ракета  өзөктүк курал болбогонун жана эл аралык келишимдер  бузулбаганын айтып, АКШны  сынга алды.

Ошентип Иран, санкция, мунайдын баасы азыркы учурда геосаясатта маани берилген маселелер болууда. Көпчүлүк талдоочулардын баамында АКШнын жаңы санкциялары мурдагылардай күчкө ээ эмес. Ошол себептүү Тегеран өлкө тездик менен өнүгөөрүн болжоп жатат. Анын кошумча өндүрө турган ири көлөмлдөгү мунайлары жогоруда айтылгандай кара майдын баасын кескин арзандатып, бул атаандаштарын гана эмес, саясий өнөктөшү болгон Орусияны да кайсы бир деңгээлде чочулатууда.

Калыгул Асамбаев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз