Коом

Кыргызстанда тоо борунан кырлап өткөн опурталдуу жолдор бар image

23 Июль, 2016 1261

Кыргызстанда  тоо борунан  кырлап  өткөн  кызыктуу  жана опурталдуу жолдор  бар. Ушундай  кыйын жолдор менен жүргүнчү ташып,турмуш тиричилигин  өткөргөн айдоочулар да арбын. Алардын бири Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо каттамындагы айдоочу Темирбек Токоев. Ал облус борборуна жүргүнчү ташып,турмуш тиричилик өткөргөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болду.

Адаттагыдай облус борборунан жүргүнчү алып, Тогуз-Торону көздөй бет алган 3 баланын атасы Темирбек Токоев бул каттамды жакшы билет. Турмуш тиричилигин айдоочулук менен байланыштырган Темирбек жол азабын далай көргөн. Тоо аралап өткөн бул жол унаа башкаруудагы тажрыйбаны талап кылат. Болбосо, районго чейинки 200 чакырымдай жолдо татаал тилкелер арбын.
Шарты катаал мындай жолдо өмүрүн тобокелге салып, ак эмгеги менен үй бүлөсүн багып жаткан айдоочуларга жүргүнчүлөр да ыраазы.
Тоо кыркасында жайгашкан бул жол бийиктиги, анан калса аба ырайынын тез-тез өзгөрүп турганы менен айырмаланат. "Жамгыр жааган күндөрү жолдорду мына минтип суу жеп, каттамды да үзгүлтүкө учуратат. Айрым күндөрү айдоочулар менен жүргүнчүлөр көздөгөн жерине жете албай калган күндөрү да жок эмес. Мындай учурда абалдын чыгуунун бир гана жолу бар. Ал жолду тазалап сүрүүчү техниканын келишин күтүү.
 Күтүп көнгөн айдоочулар менен жүргүнчүлөр болсо жамгыр жааган күндөрү жол кызматы бизге жакшылап көңүл бурса дешет. Азаптуу күндөр менен акча таап айдоочулук кесипти аркалаган Темирбек сыяктуу айдоочулардын тилеги бир. Ал - жаңы курулуп жаткан Жалал-Абад - Балкы жолунун курулушунун бүткөрүлүшү менен Тогуз Торого баруучу жолдун азаптуу түйшүгүнөн кутулуу.
 Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз