ММК

Басма сөз: Бабанов байлыгын жашырып, эмнеге байкуш болгусу келет? image

26 Июль, 2016 2981

Басма сөзгө баяндама

“Эркин Тоо”

Көчө футболундагы ийгилик кыргызстандыктарды кубандырды деген теманын алдында “Эркин Тоо” жаңы санын тартуулады.  Жакында Шотландияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын аялдар курама командасы күмүш байгени жеңип алганын  бул кубанычтарын өлкө президенти Алмазбек Атамбаев бөлүшүп, аларга ыраазычылыгын билдирген күндөн кабар жазылды. Андан ары “Кырсыктарды өз убагында алдын алуу керек” деген аталышта өзгөчө кырдаалдар минситри Кубатбек Бороновдун мамлекет башчыга берген отчету менен өлкө президентинен алган тапшырмасы туурасында куш кабар,ошондой эле премьер-министрдин Талас областына барып Тараз-Талас- Суусамыр жолдорунун курулушу жана башка обьектилер  менен таанышкан иш сапарынан жазылган репортаж орун алган. Кыргыздын улуттук кийими динге шайкеш келет деген аталышта Муфтий Максат ажы Токтомушевден чакан маек бар.

 

Жалпы мекендештерин сабырдуулукка чакырган башкы муфтий мыйзам талаптарына жана жана жергиликтүү бийликтин токтомдоруна ылайык түнкү ондон, таңкы жетинин арасы бири-биринен айырмаланып өзгөрүп туруусу керек экенин ошондуктан жайкы мезгилде Куптан жана Багымдат намаздарынын азандарынын үнү  басаңдатылып гана айтылыш керектигин түшүндүрүп берген. Быйылкы жылдын ажылык сапарды уюштуруудагы айырмачылыктарга да токтолуп, Сауд Арабия мамлекетине барып, 3685 квотага макулдашып келгенин буга ылайык даярдык иштер аяктап калганын, ажылыкка барууга республика боюнча 4692 жаран катталганын жана ажылыктын наркы 2600 АКШ долларын түзгөнүн белгилеген.

Үркүн темасына “Эркин Тоо” кайрылды. Бул санга журналист Ажымукан Түркмөнов мындан бир нече жылдар мурда атактуу Тыныбек уулу Актан манасчынын бир китебинен атактуу куудул Куйручуктун карындашы Асыл аттуу кыз 1916-жылыдагы Үркүндө Кытайдагы уйгур байга сатылып кетип, ошол жактан жыл айлана кайра качып келип, жолдо жолуккан карышкырды өлтүрүп аман эсен келгенин окуган жайым бар эле, мен ошондо: Эмне үчүн бул кабар Үркүн темасы боюнча жазылып жүргөн маалыматтарда учурабайт. Буга караганда Кытайдан качып чыгып, орто жолдо карышкырга жем болгон Ажарды даңазалап калганыбыз кандай деп ойго баткан элем деп, “Кыз менен куштун” эркиндиги деген аталышта Асыл аттуу апанын Үркүндөгү чоо жайынан тааныштырды.

“Айтматовдор жашаган үйдүн орду” деп Шекер айылындагы залкар жазуучубуздун үйүнөн кабар алып келген Бегим Турдалиеванын Шекер Айтматов менен жолугушчу жер болуш керек деген көлөмдүү макаласы бар көз жүгүртүп алыңыз.

“Кыргыз Туусу”

“Кыргыз Туусу” менен баяныбыз уланат. 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 38 күн калды деген теманы койду.  Президенттик иш күндөлүгүндөгү маалыматтар да орун алган. “Кыргыз Туусу” пресс бурчу Үркүндүн 100 жылдыгына карата үч китеп чыкканын, арак рак оорусуна алып барарын, абитуриенттер үчүн үчүнчү мүмкүнчүлүктү, тарых жана маданият жылында  тарых музейин өрт чалганын, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Тоң районунун тургундары жардам алганын, 24-июлдагы Германиянын Ансбах шаарындагы кайгылуу окуяны да  кошуп маалымдады. Андан ары “Сапаттуусу аныкталды, саны качан азаят”? деген суроону койгон же Жогорку окуу жайларынын рейтингинен сөз кылган макала да орун алган. Дүйнө дүбүртүндөгү маалыматтардын арасында Вьетнамда ата-бала 40 жылдан ашуун жунгли токойлорунда АКШнын бомбалоосунан жашырынып жүргөн жеринен кадимки жашоого кайтышканын жазган “Согуштан корунган ата бала же токойдогу кырк жылдык өмүр” деген чакан маалымат бар экен. Ушул эле жерде БУУнун өнүктүрүү программасына ылайык уюмдун алкагындагы калк фонду уюмунун маалыматы боюнча жер шары 7 млрд 337 млн адамды батырып жатканы туурасында жазылган. Окуп коюңуз.

“Фабула”

Эми “Фабуланы” ачалы. “Фабула” Бабанов байлыгын жашырып, эмнеге байкуш болгусу келет? деген теманын алдында жарык көрдү. Бул тема гезиттин төртүнчү бетинде “РАЖ”-байлардын бирикмеси, бирок декларацияда жок деп көп чекитти койгон макалада сөз болот. Бул макаладан “Республика- Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана анын туугандарына таандык болгон  мүлктөр, байлыктын саны менен таанышасыз, андан ары  бул партиядагы мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева байлыгы боюнча Бабановдон кийин экинчи орунда экенин Махабат Мавлянова, Бакыт Сыдыковдордун сан жеткис байлыктарын  тизген автордун  “мамлекеттик декларация көргөзгөндөй биздин ишенген депутаттарыбыз мыйзам жазып, мыкты идеяларды демилгелеп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө атаандашпай эле, байлык жашыруу жагынан бирин-бири ашып өтүүгө аракет кылып жатышат окшойт деп белгилеп өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер менен жарандар кирешесин ачык жазып, тескерисинче мамлекетке канчалык көп салык төккөнүн айтып мактанышат, сыймыктанышат деп салыштырганын окуй аласыз.  Бабанов жана бабановчулардын байлыгынын  так сандары менен таанышкыңыз келсе, бүгүнкү “Фабуланы” караңыз.

 

“Фабула” пресстин кыска жаңылыктарынан  акыйкатчы абактарды кыдырып жатканын, Аманбай Кайыповдун ашкере сыйчылдыгын, тендерчи Тайырбек Сарпашев дегенди, Батыровдун мүлк чатагына акимдин аты илешкенин, Байболовдун башы президенттик шайлоого жакын калганда маң болуп турат дегенди, Еркеев экинчи жолу Кара-Көл шаарында мэр болгонунан кабардар болосуз. Тоо кенчилердин тармакты башкарууну өзгөртүү зарыл деген сунуштарын бүгүнкү сандан окуй аласыз.  Ушул эле жерде “Тиги дүйнөдө Жайсаң барбы? Үн катпай жатат” деген Тынчтыкбек Чоротегинден көлөмдүү макала бар. Бул көлөмдүү макаласын автор оболу Майрамкүл Сармалдакованын шектүү булагы жөнүндө, анан ал вариант Жайсаңдан бизге кантип түшүп жатат?, Майрамбүбү эже аркы дүйнө менен кантип байланышат экен? Жайсаңчылар да жиктелишкен, эми ошол тиги дүйнөдөгү манасчыны мен да мактап көрөйүнчү, опе-ей Манастын туулган тагыраак датасы жүрөт го? Тарыхты бурмалаган жоромолдор Жайсаңга таандыкпы? Кыргыз тилинен чарчаганда , манакемин дейин десем, сакалын канаке?, айдыңдык жана азыркы диплом тууралуу азыноолок ой толгоом, суроого жооп жана кыска тыянак деген майда темаларга жазып чыгарды. Күндүн темасынан же Себат мектептерин жабуу туура ишпи деген “Фабуланын” суроосуна катышкан бардык респонденттер жабууга болбойт деген бир пикирин билдиришкен. Ошондой эле бүгүнкү санга “Коррупция”, “Меккеге ажылык сапар жана башкалар жөнүндө” деген аталышта Люстрация коомдук бирикмесинин кеңешчиси Талгатбек Кожогуловдон көлөмдүү маек алынган. Кыргыз сахнасы генералын жоктоп турат деп бүгүнкү санга Кыргыз Эл артисти Табылды Актан Эл артисти, кайталангыс чебер талант Муканбет Токтобаевди эскерген маакаласын тартуулады. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз