Дин

Кыргызстанда динге болгон кызыгуу кескин көбөйдү image

19 Янв, 2016 2693

Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанда динге болгон кызыгуу кескин көбөйдү. Аны менен катар салттуу исламдан тыш, диний уюмдар менен диний багыттагы ар түрдүү агымдар да канатын жая баштады. Атүгүл радикалдуу, деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк кылган уюмдар да күч алып, учурда 400гө жакын кыргызстандык жаран Сирияда жүрөт деген маалымат айтылып келет. Дин адистери, жарандар рухий жактан канааттандырарлык жооп таппагандыктан башка диний агымдарга кошулуп кетишүүдө деген пикирди айтышат.

Жарандардын дээрлик көпчүлүгү салтуу ислам жана христиан проваслав динин карманат дегени менен салтты чанган диний агымдар менен уюмдар тамырын жайып келет.  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча учурда каттоодо ислам багытындагы 2422 уюм болсо, христиан жана протестанттык багыттагы 380 ашуун диний уюмдар жана агымдар иш алып барат. Салттуу эмес диндерди тутунган жарандардын саны барган сайын көбөйүп, баптист, мунист, кришнаит, иегово күбөлөрү, чинмой, саентолог, махариши, а түгүл сатанисттер да пайда болгон. Андан сырктары коомчулукка жана мамлекетке коркунуч жараткан радикалдуу экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк кылган уюмдарга тыйуу салынганы карабастан жарандардын адашуу жолуна түшүп жатканы диний сабатсыздыктан келип чыгууда – дейт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бакыт Осмонов.

Ар кандай багыттагы ишенимди кармангандар ортосунда көп учурда сөөк коюуу каадалары, көрүстөн талашуу же, диний ибадаттарды жасоо боюнча бүтпөгөн талаш-тартыштар чыгып турат. Ислам багытындагы диний агымдар ортосунда да ажырым чоң. Муфтияттын Даават, жаштар жана ар түрдүү агымдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Мурадиловдун айтымында,  муфтиятты коомчулук көп учурда көзөмөл кылбайт деп сынга алат. Мекеме диний уюм катары салтуу исламды жайылтуунун аракетин көрүүдө.

Ошондой эле Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Таблиги жамааты” же дааватчылар коркунучтуу деген пикирлер туура эмес. Буга чейин экстремистик маанай жараткан учурлар катталган эмес деп кошумчалады -  Данияр Мурадилов

Жарандардын мындай кадамга баруусу адамдардын рухий жактан каанаттандырарлык жооп таппагандыктан, жана салттуу ислам тууралуу билиминин, түшүнүгүнүн жетпегенине болуп жатат. Мындай пикирин коопсуздук боюнча талдоочу Бакыт Жумагулов билдирет. Мындай радикалдуу кыймылдардын негизги максаты бийликке жетүү болуп жатат.

Атүгүл акыркы кезде дин адистерине да коркунуч жаралып, радикалдык маанайдагы уюмдар тарабынан кол салуулар да болуп жатат дейт талдоочулар. Андыктан өлкөдө диний кырдаал туруктуу деп айтуу кыйын. Өлкөнүн түштүгүндөгү айылдарда көчөсү менен үй-бүлөлөр адашкан диний уюмдарга да кошулуп кетип жатканы белгилүү болууда. Мунун себеби Кыргызстан эгемендиктин алгачкы күнүнөн тарта эле дин эркиндигин жарыялап, жарандарга дин тутууга бирдей шарт түзүп бердиктен башка өлкөлөрдө тыюу салынган агымдар Кыргызстандан турук алууга жетишкенин талдоочулар айтышат.

Сүймөнкул Идирисов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз