Ден соолук

Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң оорукананын курулушу башталды image

1 Авг, 2016 2047

Бул тууралуу Талантбек Батыралиев министрликтин аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымында, мындай аракет кыргыз-түрк достугу долбоорунун негизинде ишке ашууда. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. 

Андан сырткары, Ошто 250 орундуу, Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы ооруканалар курулуп баштаганын белгиледи. Бирок, аны менен катар аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги тууралуу да айтып өттү. 

Жыйында министр көйгөйгө айланган кургак учук маселесине кененирээк токтолду. Учурда министрлик “Кургак учук-4” программасын ишке ашырууда. Бул программанын алкагында калк арасында кургак учуктун жайылышына каршы иш-чаралар жүрүүдө. Батыралиев өз учурунда кургак учук менен ооругандарга коом дагы бардык жагынан жардам берүү керектигин белгиледи.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз