Дин

Жакынкы чыгыштагы террорчулар алдан тая баштады image

20 Янв, 2016 575

 Бир катар басылмалар ДАИШ согушчандарына төлөнө турган каражаттарын эки эсеге кыскартканын кабарлоодо. Аталган радикал уюм акыркы айларда Иракта да, Сирияда да басып алган аймактарынан чегине баштады. Согушчандардын катарына кошулууну каалагандар азайып, бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалды.

Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерде гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө олуттуу коркунуч жаратып жаткан террордук уюм оор жоготууга учурай баштады. Ирак менен Сириядагы басып алган аймактарын аталган мамлекеттердин өкмөттүк күчтөрү акырындык менен кайтарып алууда. Ал гана эмес, каржылык жактан да аксай баштаганы кабарланып, бул ДАИШтин биротоло талкаланышын шарттайт деген божомолдор болду. Бирок, мындай жыйынтык чыгарууга али эрте экенин белгилегендер да бар.

Дүйнөнүн көңүл борборунда турган Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга активдүү аралашкан террордук уюмдун кыйла артка  чегинишине бир нече себептер белгиленүүдө. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов Орусиянын ДАИШке каршы кадамы Сириядагы абалды өзгөртүп жатат деп эсептейт.

Орусиянын Сириядагы аскердик аракеттери октябрь айында башталган. Аба чабуулдары көбүнесе террорчулар көзөмөлдөп турган аймактардагы мунайды сактоочу жайларга жасалды. ДАИШтин негизги кирешелери дал ушул күйүүчү майларды аткезчилик аркылуу сатуудан топтолот. Ошол эле учурда бул уюмду айрым мамлекеттер көмүскө каржылап жатканы да айтыла калып жүрөт. Бирок, Түркия, Катар өңдүү өлкөлөр өздөрүнүн атаандаштары койгон мындай кинелерди четке кагып келүүдө. Кандай болгон күндө да террорчулар азыр бир топ каржы булактарынан ажырады.

 “Файненшл таймс” басылмасы ДАИШ кирешесинин үчтөн экисин катарындагы согушчандарына төлөп берээрин жазып чыккан. Бул 600 миллион долларды түзөт. Каржы булактарынын кыскарып, мунайды аткезчилик кылуудагы тоскоолдуктардан улам жоочуларга төлөп бере турган каражаттары эки эсеге азайып жатканы кабарланды. Бир жагынан Орусия менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн соккулары менен бирге, АКШ баштаган батыш мамлекеттеринин аракеттери да террорчуларды алсырата баштады. Бирок, ДАИШтин лидери Абу-Бакр-аль-Багдади орус тараптын да, Американын да аба чабуулдары жихадчыларды аксата албастыгын белгилеп, Москва менен Вашингтонго сөөмөй кезеген. 24 мүнөттүк аудиокайрылууда өч алынаары айтылат. Деген менен өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган ДАИШтин жоготуулары АКШ менен Орусиянын соккуларынан сырткары да орун алып жатат. Жыл соңунда Ирактын армиясы Багдаддан 100 чакырымдай алыста жайгашкан, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Рамади шаарын жоочулардан бошоткон. Калкынын саны миллионго жакын бул калааны террорчулар былтыр май айында басып алган болчу. Дүйнө коомчулугу террорго каршы күрөштү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүп, бул багытта аракеттерин жандантууда. 19-январда АКШ президенти Барак Обама түрк лидери Режеп Таййып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ДАИШти алсыратуунун пландарын талкуулашты.

Жакынкы Чыгышта аталган террордук уюмдун алсырашы менен ага кошулууну каалагандардын саны да азаюуда. Мындай көрүнүш Кыргызстан менен коңшу Тажикстанда да байкалат. Мунун өлкөдөгү укук коргоо органдарынын жүргүзгөн иш-чараларына байланыштуу экенин айткандар бар. Ошондой эле Сирияда жоочулардын жеңилип жатышынын да таасири тийүүдө. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов коомчулук окуяларды туура кабылдай баштаганын белгилейт.

Жакынкы Чыгыштагы радикал уюмдун коркунучу Сирия менен Иракка гана эмес,  дүйнөнүн булуң-бурчуна жетүүдө. Кээде апта сайын ар кандай деңгээлдеги террордук актылар катталып жатат. Кыргызстанда да жардыруу уюштурууну пландаган деген шек менен кармалгандар ДАИШке мүчө экени кабарланган. Теолог Кадыр Маликовго кол салгандардын артында да аталган уюм тураары айтылган эле. Майдан талаасына кеткендердин кармалышы Интерполдун аракетинин натыйжасы экенин айтат аталган мекеменин Кыргызстандагы бюросунун өкүлү Даирбек Казыбаев. Бирок, башка өлкөлөрдө колго түшкөндөрдү алып келүүдө тоскоолдуктар бар.

Ошентип, акыркы айларда ДАИШ позициясын бир кыйла жоготту. Деген менен көпчүлүк эксперттер муну жеңиш деп айтуу али эрте экенин белгилегендер да бар. Террордук уюм учурда 7 миллиондой эл жашаган аймактарды ээлеп турат. Ал Сириядагы жарандык согушка аралашкандан бери адамдарды массалык түрдө өлтүрүүлөрдү жүргүзүп келет. ДАИШти түп тамырынан бери жоготкон күндө да Сириядагы кан төгүүлөр токтоп калбайт. Анткени каршылашкан тараптарда батыш өлкөлөрү  ачык колдогон куралдуу оппозиция да бар. Учурда алардын өкмөт менен сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүсүн уюштуруу аракети көрүлүүдө. Ал эми исламга жамынган ДАИШ өңдүү уюмдар менен азырынча эч ким ачык эсептешкиси келген жок.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз