Коронавирус

Коронавирустан соңку суткада 7 адам каза болду image Фото: www

8 Июнь, 2021 670

Коронавирустан соңку суткада 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Оору бир күндө 379 адамдан аныкталды. 

Анын 149у Бишкек шаарында. Былтыр март айынан бери Кыргызстанда жалпысынан Ковид-19 илдетине 107 миңден ашуун адам кабылды. Учурда коронавируска каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Өлкөдө жалпысынан 80 миңден ашуун адам эмделди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз