Коронавирус

Акыркы бир суткада 494 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 5 киши каза болду image

10 Июнь, 2021 2121

Акыркы бир суткада эле беш киши жашоо менен кош айтышып, 494 адам ооруга чалдыкты. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб маалымдады.

Ооругандардын эң көбү Бишкекте катталууда. Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында да илдеттин жайылуу темпи күч. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары оору көбөйүп бараткан аймактардын катарында. Талас, Баткен, Нарын дубандарында күнүгө 5-10 кишиден оору аныкталууда.

Коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын расмий эсеби 108 667 кишиге жетти. Алардын 1861и көз жумду, 102 миңдейи сакайды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз