Коронавирус

СOVID-19: Бишкекке чектөөлөр кирбейт, көзөмөл күчөйт image

16 Июнь, 2021 555

Коронавирустан улам Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Вице-мэр Виктория Мозгачева мындай чечим 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди. 

"Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Ага байланыштуу байма-байма рейд жүрүүдө. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн" - дейт ал. 

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын 15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирген. Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилген. Ушул күндөрү оору жуккандардын арасында 100 бейтаптын акыбалы өтө оор деп бааланууда. 

Акыркы эки жумада эле вирустан 100гө чукул киши каза болду. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны эки жыл ичинде 110 миң кишиден ашты.

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз