Коронавирус

Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус дагы 647 адамдан аныкталды image

16 Июнь, 2021 1402

Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус дагы 647 адамдан аныкталды. Жети адам оорудан көз жумду. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалгандай, анын ичинде Бишкек шаарында – 257, Ош шаарында – 118, Чүй облусу – 73, Ош облусу – 120, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 26, Баткен облусунда – 23 адамдан илдет табылган. 

"Ал эми бир суткада 308 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен көз жумгандардын экөө Бишкек, бирөө Ош шаарынан. Дагы бирден киши Чүй менен Ош облустарында, эки бейтап Жалал-Абад облусунда көз жумган. 

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 145 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 320 адам дарыланууда. Алардын ичинен 587 адамдын абалы оор жана 97 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 111 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 565 киши айыгып чыкса, 1 миң 912 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз