ММК

Ташкентте бензин түгөнүп, айдоочулар бушайман болду image

5 Авг, 2016 1646

Басма сөзгө баяндама

"Кыргыз Туусу"

Бүгүн жарык көрчү «Кыргыз Туусу» “өзгөртүүлөр: жети өлчөп бир кезсек”деген Баш мыйзамдагы реформаны, ата-энеси англис баланын тили чыкканда англисче эмес, “ата”,”апа” деп, кыргызча чыгыптыр деген, ажылык иш 2014-жылдан тарта тартипке салынып, бардыгы электрондоштуруу менен ачык-айкындуулук киргизилген деген, Жайсаңдын арбагы менен сүйлөшүп, “Манас” жазгандар аянды баян кылгандар пайда болду деген темаларда жазылган макалаларды сунуш кылды. Андан ары гезиттин пресс бурчу көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында 25 аял биригип, өрмөк өрүп, шырдак,кийиз жасай башташканын, алардын улуусунун жаш курагы айтылбаса да, эң жашы жетимишке жакындап калыптыр деген маалыматты, бакиевдердин мүлкүн алуучулар чыкпай жатканын, премьер болсоң да эреже бузба деп, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Акмоло облусундагы автомагистралда велосипед тепкендиги үчүн 10 миң 605 теңге айып пул төлөгөнүн, Ташкенттин май куюучу жайларында бензин тартыштыгы байкалып, түштө эле күйүүчү май түгөнүп калып, айдоочулар кийинки күнү таңкы саат төрттөн  тартып кезекке туруп жатышканын, Казакстан соңку бир айда Кыргызстандан экспорттолгон 330 миң тоннадан ашык айыл чарба продукцияларын тийиштүү талаптарга дал келбегенинен артка кайрыганын, кыргызстандык эки жаран радикализмди пропагандалады деген айып менен Россиядан депортацияланганын жазды.

Андан аркы бетинде Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча коомчулук кандай пикирде экендигин сурап көрүшкөн.

 

Мисалы, жазуучу Мирзохалим Каримов Конституция деле жандуу организм, ал доорго жараша өзгөрүп турууга тийиш экенидигин, Бишкек шаарынын тургуну Марс Черикчиев: Конституцияга өзгөртүү киргизүү турмуш зарылдыгы Кыргызстан геосаясий кызыкчылыктардын так чордосунда жайгашкан өлкө. Демек, баш мыйзамды өзгөртүүдө мамлекеттик улуттук коопсуздук маселеси көңүл борборунда болууга тийиш экендигин, ж.б. сурамжылоого тартылган калган жарандар да өзгөрүүгө макул болгон жүйөлүү пикирлерин ортого салган. Сөз эркиндиги –өлкөбүздүн өрнөгү деген рубрикада президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен жолугушуусунда коомчулукту кызыктырган бардык маселелер боюнча билдирген  пикирине айрым атуулдардын буга болгон ойлору менен тааныштырган. Бул жерден “анык жооптор ачык айтылды” деген серепчи Кубанычбек Идиновдун, Чавушоглуна  айтылган сын, жалпы түрк элине  каршы берилген жооп эмес деген жаш активист Нурсултан Айтпаевдин,  анын берген ар бир жообу чындыкка туура келет деген серепчи Искендер Шаршеевдин ойлору менен ортоктош болосуздар.

 

Ошондой эле бул боюнча да интернетте да талкуу күчөгөнүн, айрымдары Алмазбек Атамбаевдин эмоция аралашкан сындарына териксе, башкалары президенттин ачык жооп бергенине баа беришкенин жазды. Андан ары Болотбек Ташталанлиевдин дагы бир макаласы эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналып Кыргызстандын тагдырында карапайым адамдардын тагдыры бар деген аталыштагы макаласы орун алган. Автор кылымдар тогошкон, доорлор кесилишкен, коомдук-саясий системалар алмашкан бул тирүү тарых-сөздүүлөрдүн сөзү, тилдүүлөрдүн тили аркылуу тарых барактарына кирери шексиз деп белгилеп, учурдагы миграциялык  тенденцияга да көз карашын билдирген. Ал муну суу акпай тура берсе аны балыр басып кетет деп салыштырып,  дүйнө глобалдашып жатат. Биз бул процесстен четте кала албайбыз, эл деле жандуу организм, биз кыргыздар дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекетте дүйнөдөгү бардык элдердин  арасында жашап жана иштегенин каалар элек. Кыстаган турмуштун айынан келип чыккан тышкы миграция агымы каныбызда агып турган көчмөндүк жашоо образы, көчмөндүк аң сезимди кайрадан  ойготту, жандандырды. Суу акпай турса ылайланып, балырланып кетет, анысы кандай кыргыздардын жакшы жашоого, адамдай жашоого умтулуп, күн издеп, жер кезип жүргөнүн эмнеси жаман деген ой толгоолорун ушул макалада камтыды.

“Эркин Тоо”

Бүгүнкү “Эркин Тоо” Көчмөндөр оюуну кыргыз элинин тарыхта калаар табылгасы деген башкы теманы койду. Туура бир айдан кийин 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна  29 мамлекет катышууга ниет кылып жатканын эске салды. Бул туурасында толук маалыматты гезиттин 11-бетинен кенен тааныша аласыздар. Бүгүнкү санга коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков “Туура эмес пайдаланса, демократиянын душманы-демократия” деген аталышта маек берди.

Коомдук ишмерге Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу суроолор берилип, өлкө кантип суверенитеттүү мамлекетке айланган учурунан, бүтүндөй элибизди мамлекетти уятка калтырып кеткен Акаев менен Бакиевдин бийликтери жөнүндө 6 жылдык өмүрдү кечирген парламенттик башкаруу туурасында көз карашын, жана азыр айрым өлкөлөрдө демократия чоң кризиске учурап жатканын, мындай көрүнүштө Кыргызстан өнүгүү жолунан адашып калган жокпу деп  демократиясыз жашап жаткан Сингапур, Малазия деген өлкөлөрдү мисал кылган суроолорго алынган жоопторду жазды.

 “Азия Ньюс”

Эми жуманын “Азия Ньюсундагы” макалаларды эске салып кетели. Абдышүкүр ажы бийликтин талабын укпайбы деген, Күндөн күнгө Сарыгуловдун ден соолугу оорлошууда деген темага, Бабанов, Сариев, Жалиловдун жаагы жабылабы деген макалаларга орун берген. Гезиттин биринчи бетинде мамлекетке иштей турган Конституцияга маал-маалы менен өзгөртүүлөр киргизилип турат деген аталышта КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов кенен маек курган. Ушул эле темага үндөш референдум, оппозиция “паникада” деген аталышта макала бар. Жайсаңчыларга жол жок деп кыргыздын белгилүү эл жазуучулары, Эл артисттери, Эл акындары  ж.б. окумуштуулар, коомдук ишмерлер КРнын Жогорку Сотуна, Нарын облустук сотуна кайрылуу жолдошкон. Кайрылуунун  толук мазмуну менен таанышып алыңыз. Ушул эле сандан дагы бир партиянын же “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мен кыргызмын! Кыргызстан менин үйүм” деген аталыштагы маегине ортоктош болосуз. Гезиттин “Азия бүркүмү” рубрикасы Түркмөнстандан Бердымухамедов ыр жаздырды деген кабарды, Японияда биринчи жолу аял бийликке келгенин, тактап айтканда Токио губернаторлугуна шайлоо болуп, Юрике Коике жеңишке жеткенин, Тажикстандан өрүк мейиз өтпөй калганын, Кытайдын ядролук куралы жагынан Россияга теңелгени туурасындагы маалыматтарды жазды.      

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз